Бүгүн, 10-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүнүн имараты өрттөндү. Өрт имараттын көмүр сактоочу жайынан чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Алдын ала маалымат боюнча, Сузак айылында жайгашкан көмүрканадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 08:16да Сузак райондук №65 ӨКБдан 1 бөлүм, 08:29да Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылган. Көмүрканадан чыккан өрт саат 09:03тө чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти ӨКМдан.
Кошумча маалымат берилет.