Бүгүн, 10-октябрда эртең менен 1995-жылы туулган Акматов Тилек Турсуналиевич Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качып кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинен билдиришти.
"Ал 2021-жылдын 8-октябрында Ленинское айылындагы үйлөрдүн биринде уурулук кылган деген шек менен Ысык-Ата районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын бардык өздүк курамына эскертүү берилип, посттор орнотулуп, бардык керектүү ыкчам-издөө иш-чаралары оперативдүү кызматкерлер тарабынан жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти милициядан.