Бүгүн, 10-октябрга карата Бишкек шаарындагы базарларда көмүрдүн 2 миң тоннадай запасы бар жана баасы 4 миң 500 сом болууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
"Буга чейин бааны тоннасына 4500 сомдон ашпаган деңгээлде кармап туруу максатында Бишкек шаардык мэриясы Экономика жана финансы министрлигине кат жөнөткөн. Биргелешкен аракеттер аркылуу баалардын негизсиз өсүшүн басууга мүмкүн болду. Ошондой эле көмүрдүн баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө үчүн алдын алуу чараларын көрүү үчүн укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмалар жөнөтүлдү", - деп жазылат билдирүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясы шаарда сатылып жаткан көмүрдүн баасын күн сайын көзөмөлдөп турат жана ыкчам маалымат жарыяланат.