Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир аптанын ичинде 4228 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 1-октябрдан тартып 7-октябрга чейин Бишкек шаарынын аймагында 4228 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.
- Мас абалында унаа башкаруу - 47 айдоочу;
- Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 13;
- Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу - 32;
- Жасалма мамлекеттик номер менен унаа башкаруу - 1;
- Жөө жүргүнчүлөр жана велосипед айдаган жарандар катышкан жол эрежесин бузуулар - 58;
- Авто ээн баштык - 2;
- Башка жол эрежелерин бузуулар - 4075;
401 унаа ар кандай жасаган жол эрежелери үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.