"29 жылдан бери жолдошумдан кордук көргөнүм аз келгенсип, 34 жолу документ тапшырып паспорт ала албадым". Тагдыр калчады деген каармандын баяны

Тагдыр ар бир адамдын энчисине буюрган табылга. Демек, жер бетинде канча адам болсо, ошончо тагдыр бар. Жашоодо бири кубанычка бөлөнүп, бактылуу болуп жатса, экинчиси турмуштун оор шартында кыйналып, жапа чегип келүүдө...

"Менин тагдырымды бир китеп кылып жазсаң болот" деп кайрылды каарманыбыз SUPER.KG порталына. Айтымында, тагдырдын оор сыноосуна кабылып, бирок сынып калбай жашоодо татыктуу күрөшүүгө аракет кылып келет.

Рахима Юлдашева Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Биринчи Май айыл өкмөтүндө жашайт. 7 баласы, 4 небереси бар. Юлдашева тагдырдын оор сыноосуна кабылганы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Өзүм Өзбекстанда төрөлгөм. Атам өзбек, апам кыргыз. Атам мен 5 же 6 жашымда каза болуп калган. Эстей деле албайм, 15 жашымда апам экөөбүз Кыргыз өлкөсүнө келгенбиз. 1994-жылы мени ала качып кеткен. Ошондо 17 жашта элем. 9 баланы жарык дүйнөгө алып келдим. Учурда 7 балам бар, экөө чарчап калган.

Жолдошум 56 жашта, мас болуп келгенде үйгө тынчтык бербей, мени ур-токмокко алат. Мунун кесепетинен бир жолу инфаркт болгом. Кан басымым да көтөрүлүп кетип жатат, бөйрөктөрүм ооруйт. Ушинтип оорукчан болуп калдым. 29 жылдан бери кордук көрүп жашап келем. Кимге кайрылууну дагы билбейм.

Кечээ күнү дагы жолдошум мас болуп келип, эшиктерди сындырып, идиштерди талкалап, мени өлтүрөм деп анан чыгып кетти. Балдарым менен коркуп отурабыз. Милиция дагы чакырганбыз. Алар келгенде жолдошум качып кетип, 2-3 күнгө дайынсыз болуп кетет. Ошентип жашообуз уланууда. Азыр колумда эң кичинекей неберем 2 жарым жашта, андан кийин 3, 5 жаштагы балдар бар.

28 жылдан бери паспорт ала албай келем. Мунун айынан нике көбөлүк, балдарымдын документтери дагы жок. 7 баланын энеси болсом дагы документтеримдин жоктугунан социалдык жөлөк пул албайм. Жакында эле 34-жолу паспортко документ тапшырдым. Бир апта болду, эч кандай жыйынтык чыга элек. Кайда барсам документим жок көйгөйлөрдү чече албай "жарга такалып" калам. Дарыканалардан балдар ооруганда дары алып, карызым да көбөйүп кетти. Ушундай кыйналып жашап жатам.

Үйдөн улуу балам эле иштейт, андан кийинки кызым турмуштан ажырашып, балдары менен биздин үйдө. Андан кичүүлөрү кичинекей.

Жолдошум чыр чыгарып, ур-токмокко алган учурда дайыма милиция чакырам. Бирок алар келгенче жолдошум качып кетип калат. Арыз дагы жазгам. Алар деле канааттандырылган жок. Бүгүн эртең менен дагы арыз жазып келдим. Тийиштүү органдар жазасын беришсин", - деди ал.

Рахима Юлдашева 7 баланы бир бөлмөлүү үйдө тарбиялап келерин билдирди.

"Бир бөлмөлүү үйдө 7 баланы тарбиялап келебиз. Жаңы үй салганга жеке ишкер Талантбек Кенжеев, ошондой эле айыл өкмөттөн жардам беришти. Былтыр пандемия болгондо айыл өкмөтүнөн балдарга телевизор беришкен. Пайдубалын куруп, дабалын тургузганбыз. Бирок али бүтпөй турат", - деди Юлдашева.

Мындан тышкары ал кошуналары дагы документи жок болгондуктан, кемсинтип "сен эч ким эмессиң" деп айтып келишерин кошумчалап өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
al-abu-kinesz
2021-10-12 15:20:50
Кошуналары сен ким эмессин деп кемсинте беришээрине бир аз ишенбедим. Майлыктар андай эмес эле..
+1
zilish_kg
2021-10-12 18:59:25
Акча каражатынан кантип жардам берсе болот ушул жаатта да маалымат кошо кетсеңер жакшы болмок супер инфо, кичи пейилдике ар ким көңүлүнөн чыгарып акча котормок, кайдыгер эл эмеспиз.
0
almanbetperm
2021-10-12 21:34:48
Откондо эле соцзашита айтып чыкпадыбы, вид на жительство берилди деп
0
KaGaH
2021-10-13 15:56:08
Ушул эжеге бергилечи паспорт,Домбунун кунундай болсо да баасы,суранабыз кыйналып бүтүптүр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан