Руслан Казакбаев Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар менен жолугушту

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттерди жана кызматташтык маселелерди кеңири талкууланган. Саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары активдүү өнүктүрүүгө эки тарап кызыкдар экендигин белгилешкен.

"Бул Меморандумдун алкагында саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана агроөнөр жай, кайра жаралуучу энергия булактары, соода жана кыргыз экономикасынын башка артыкчылыктуу тармактары боюнча социалдык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ар бирине 1 миллион 500 миң долларга чейин каражат бөлүнөт. Ошондой эле Индия өкмөтү тарабынан Кыргызстанга 200 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген кредит бөлүп берүү боюнча макулдашууга жетишилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан