"Кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алышкан". Дарыларды калкка бурмаланган баада сатуу иштери аныкталды

Абдан маанилүү керектелүүчү дары-дармектердин жалпы баасын төмөндөтүү чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК калктын саламаттыгын сактоо чөйрөсүнө жүргүзгөн талдоонун алкагында, калкка керектелүүчү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнө жана баага таасир этүүчү бир катар көйгөйлөрдүн бетин ачты.

"Мекемелер аралык жумушчу тобу жана өлкөнүн министрлер кабинети тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү изилдөө, калкка керектелген дары-дармектердин жана баасын төмөндөтүү, ошондой эле бирдиктүү мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуу жана эффективдүү чараларды кабыл алуу боюнча талдоо жүргүздү. Муну менен катар УКМК өлкөгө дары-дармектерди импорттоо, кайра калкка ашыкча жогорулатылган баада сатуу, фармацевтикалык компаниялардын тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө.

Бул компаниялар тобу көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, алардын колдоосу менен салык төлөөдөн качуу, импорттук дары-дармектердин чыныгы баасын жашыруу максатында жана андан ары дарыларды калкка бурмаланган баада сатуу иштери аныкталган. Бул факты боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана фармацевтикалык компаниялардын айрым кызматкерлери кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан