Көмүр баасына 90 күндүк мөөнөткө убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Кыргыз өлкөсүнүн аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021/2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу максималдуу бааны белгилөө менен 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизилди.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги №242 токтому менен бекитилген социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык, мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Apyn8793
2021-10-12 12:30:57
Ушуну туура кылдынар, а то байкуш элге эле кыйын болот экен
+2
Mongol1155
2021-10-12 12:50:30
90 күндо кыш бүтөт, проблема өзү эле чечилип калат го
+2
myrza_kyrgyz
2021-10-12 15:38:54
Ошондо канчадан болуп атат комурдун тоннасы,айтып койгула да бизге
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан