Эртең, 13-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 12…17;
Талас облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 9…14;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15;
Бишкекте түнкүсүн 3…5, күндүз 15…17.