Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду "лампочкам" деп алкаган апа президентти сагындым деп Бишкекке келген видеосу тарады. Анда ал президенттин кабыл алуусунда болгондугун, бирок Жапаров иш ордунда жок болгондуктан жолуга албагандыгын айткан.
"Бир бала эмнеге келдиңиз деп сурады. Садыр менен учурашып, бир кучактап өөп алайын деп келдим дедим. Сагындым, көйгөйүм деле жок. Бишкекке тойго келгем, оюмда кирип келе жатса көрүп каламбы деп кыял кылып келсем, Садыр кирген жок бүгүн. Жөн гана көргүм келди. Катын жакшы - эр жакшы, вазир жакшы хан жакшы дейт. Садырда күнөө жок тегерегиндегилер сасыткы кылып жатат", - деген апа.
"Замыканиени ошолор берип жатышабы? Биринчиси эле Ташиев да э?" деп суроо салышкан видеого тартып жаткандар.
"Ташиевге асылбачы, өлгүң келип калган окшойт" деп жооп берген апа.
Эске салсак, буга чейин "Садага болоюн Садыр, мени карап кой, чырагым, лампочкам" деп айткан видосу тараган.
Көп өтпөй SUPER.KG порталы Гүлнара Назаркуловадан маек алган.