Биз социалдык тармакта

Министрлер кабинетинин жаңы курамы сунушталды. Ташиев кайсы бөлүмдү жетектеши мүмкүн?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына дагы сунушталууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жаңы курамы жарыяланганда маалым болду. Айрым маалыматтар боюнча, ал министрлер кабинетинде күч структурасын жетектеши мүмкүн.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин курамын президент Садыр Жапаров сунуштаган. Сунуш эртең, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Өмүр баяны:

Камчыбек Ташиев 1968-жылы 27-сентябрда Жалал-Абад облусунун Барпы айылында туулган. Томск мамлекеттик университети менен Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.

1993-1995-жылдары Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл чарба продукцияларын даярдоочу өндүрүш фирмасынын директору;

1995-жылы өнөр жай-коммерциялык фирмасынын башкы директору;

2000-2002-жылдары айыл чарба кооперативинин башкармалыгынын төрагасы;

2002-2003-жылдары өкмөттүн аппарат жетекчисинин жардамчысы;

2003-2005-жылдары Бишкек шаарынын Ленин райондук акимиатынын башчысынын биринчи орун басары, орун басары;

2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;

2007-жылы Өзгөчө кырдаалдар министри;

2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты.

2020-жылы 16-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы болуп дайындалган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asmat84
2021-10-12 19:40:06
Ошондо Ташиев УКМКдан түштүбү
+2
Antiradikal3
2021-10-12 20:06:07
Жарым хан... Колхоз... Чек араны УКМКга кошуп алып чек араны нормально карай албайт, тажиктер менен тен ата суйлошо албайт, келип бийликти сындагандарга кучун чыгарат... Уйдо баатыр жоодо жок...

5 убак намаз окуп, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы меники эмес, тиешем жок деп динозаврларды учурат...
+4
max-bek
2021-10-12 20:51:55
Antiradikal3,наалыганын наалыган экенда сенин. Кыскасы кыйраттын
-8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан