"Президентибиз тарыхта биринчи жолу люстрация жасоо үчүн шарт түздү". Жаңы дайындалган мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кайрылуу жасады

Бүгүн, 12-октябрда жаңы дайындалган мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов алдыдагы парламенттик шайлоолорго байланыштуу кыргыз элине кайрылуу жасады. Кайрылуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

"Урматтуу замандаштар! Элди тажаткан, коомду ириткен саясатчылардан арылып, люстрация кылуу керек” деген талап көптөн бери айтылып келет.

Эң туура! Бул мүдөөнү баарыбыз колдойбуз. 15 жылдан бери люстрацияны ишке ашырабыз деп какшап келе жатабыз. Бирок ишке ашпай жаткан. Эми мына ишке ашыруу процесси башталды. Президент тарыхыбызда биринчи жолу люстрацияны жүзөгө ашыруу үчүн элге шарт түзүп берди. 36 депутат түздөн-түз аймактардан шайланып келишет. Өзүңөрдүн ишенген өкүлүңөрдү шайлап аласыңар. Бирөө-жарым кысым көрсөтүп, баланчаны шайлайсың деп кыйнай албайт. Мамлекеттик кызматкерлер тигил же бул талапкердин пайдасына иштебейт. Иштешсе жоопкерчиликке тартылып, жазасын алышат.

54 депутат партиялык тизме менен шайланат. Мурдагыдай тизме башына төбөсү көрүнгөн, акчалуу саясатчы туруп алып, партиясын өткөрүп, артынан 20-30 элге жакпаган депутаттарды ээрчитип келмей жок. Эми мындан ары партияга добуш берип, анын ичиндеги өзүңөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиңер. Добуш албаган талапкер өтпөйт. Мына силер жасай турган люстрация, урматтуу замандаштар!

Айрым радикалдуу жарандарыбыздын оюна койсо, “жакпаган саясатчылардын баарын тизип туруп атыш керек” дешет. Азыр 21-кылым. Андай кылган болбойт. Азыркы метод - эң туура метод. Саясатчымын деген жаран үчүн элдин добушун албай, көпчүлүктүн ишеничинен кетип, парламентке өтпөй калуудан өткөн жаза жок. Мына жаза, мына люстрация деген ушул.

Эн негизгиси, өзүңүздөр добушуңуздарды сатпасаңыздар болду. Тескерисинче, сатып алам дегендерди ашкерелеп, кармап берип турсаңыздар шайлоонун таза өтүшүнө чоң жардам берген болосуздар.

Шайлоонун таза өтүшү тууралуу маселе боюнча президентибиз 21-октябрь күнү жалпы республикалык кеңешме өткөрүп жатат. Айыл өкмөттөрдөн баштап, өкмөт башчысына чейин бардык жетекчилер катышат.

Ошол жерде кеңири сөз болот", - деп айтылат мамлекеттик катчынын кайрылуусунда.

Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик катчы болуп бүгүн, 12-октябрда дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Antiradikal3
2021-10-12 19:59:10
Кой кой десе болбой тилди кычыштырат чимкириктер. Озунду кара! Озун люстрациянын арты менен бийликте отурасынбы? Люстрациянын арты менен жегич Акылбек Жапаров Окмот башчы болуп шайландыбы?! Люстрация болуп кайсы жаны жуздор, кайсы жаштар бийлик башына келип жатат?!

Депутат болууга дейсин, кайсы карапайым адам депутат боло алат, сен тушундурчу мага?! Кайсы карапайым бири кайсы акчасына эл кыдырып жер кыдырып угут жургузо алат? Баягы эле байлардын заманы болуп жатса?!
+12
Scorpion_09
2021-10-12 20:30:39
Antiradikal3,иштеп результат корсотом деген адамды иштетиш керек ,азыр премьер министрди ар кимиси чукубайт ,меникин жаса аныкын жаса деп , азыр нормальный иштегенге условия тузду президент , болбой калса президент озу жооб берет ар бир ишине ,премьер учун да жооб берет... Так что туура эле
-10
Antiradikal3
2021-10-12 20:36:44
Scorpion_09, тарыхта качан президент жооп берип журду эле? Окмот алмашат, президенттер оз ыктыяры менен кетпей, эл кууп кетирип журот го? Шайлоону эле мисалга алалы... 30 жылда толтура шайлоо болду, кайсы бири таза отту, сен мага корсотчу? Кайсы президентин шайлоонун ыплас отконун моюнуна алып элден кечирим сурады? Кайсы президентин ыплас шайлоо откоргону учун кызматын таршырды? Президенттерин саткын, эки жуздуу болгондон кийин, кайсы кадр таза болот айтчы? Ким корсото аласын?
+13
Scorpion_09
2021-10-12 20:58:22
Antiradikal3,айланайын эмне эле ыйласын ? Мурун деген парламентттик бийлик болчу ,ошол учун ар ким бири бирине шылтап журуп отушкон , азыр президенттик башкаруу , кичине ойлонуп койчу наалыбай , экинчи нерсе , азыр мурдакыдай эле партияны шайлабасын ,партиянын ичиндеги адамга да добуш бересин , значит сен сыяктуулар сатылбай нормальный озуно жакканын тандаса ,нормальный шайлоо болот
-9
Antiradikal3
2021-10-12 22:10:42
Scorpion_09, парламенттик башкаруубу, президенттик башкаруубу айырмасы кайсы, бийликте ошол эле жегичтер калып жаткандан кийин. Ак итпи кара итпи айырмасы кайсы дегендей.

Шайлоодо партияга эле эмес, партиянын ичиндеги кайсы бир адамга добуш беремин дейсин, мына шайлоого аттанып жаткан партиялардын тизмелеринен 55 таза адамды корсотчу сен мага! Бир мандаттуу округдарга коюлуп жаткан талапкерлноден таза 35 адам корсотчу, ар бир округдан бирден?! Колундан келеби? Барбы андайлар?
+1
Antiradikal3
2021-10-12 22:14:06
Scorpion_09, Партиялардын тизмесинде тузугу озу жок. Бир мандаттуу округдарда да баягы эле капчыктуулар, жегичтер. Анан жегичтердин арасынан кайсы тазасын тандайсын, тазасы озу болбосо...

Экинчиден шайлоо таза отуусу учун акча чачкандарды жазалоо керек эле. Кана кимди жазалады бийлик? Чекеден акталып кетти го, акча таратты дегендер! Добуш сатып алуу токтобосо, админ.ресурс жоголбосо эч качан таза шайлоо отпойт, ошону бир бил!!!
+1
Antiradikal3
2021-10-12 20:32:58
Былтыры тонкоруш шайлоонун ото ыплас жана адилетсиз отконунон улам болгонун унуттунарбы? Шайлоонун мындай ыплас отуусуно себепчи болгондордун кайсы бири жазаланды?! Шайлоонун ыплас отуусуно туздон-туз тиешеси болгон БШК торайымы менен мучолору баары логика боюнча кызматтарынан бошотулуп, кылмыш иши козголуп, жоопко тартылышы керек беле? Ордуна жаны, таза шайлоо откоро ала тургандар келиш керек беле логика боюнча? Ошондо люстрация болмок! Бугун кайдагы люстрация?
+10
Antiradikal3
2021-10-12 20:40:38
Мына эртен башталат, былтыркы шоу кайталанып. Куру убадалар, шайлоочулар менен жолугушуулар, концерттер, чайханалар ж.б. ж.б. Акчалар суудай чачылат. Шаардык Кенешке депутат болуу учун канча канча акча чачылып жатат, ЖКке тем более. Той болот, тойдун эртеси болот демекчи, шайлоо буткон сон коробуз, 90 депутаттын канчоосу жаны жуз, жаны саясатчы экенин... Баягы эле жепжутарлар шайланып барат. Жаны жуз болуп олигархтардын балдары, куйоо балдары барат. Карапайымдардан ким барат?
+7
Jaraisyn
2021-10-12 22:02:05
Antiradikal3, Андан сырткары макул былтыр шайлоо артынан ошондой болду, а быйыл кандай болду Баткенде согуш болуп эл ыйлап атса, куру эле машина тап, курал бер деп аянтка чыгышты Баткенге барабыз деп, а түш оогондо бийликти кулатабыз деп чыгышты. Ошондой согуш учурунда бийликти алмаштырам деп план түзгөндөрдү ит, чөө дебей ким деп аташыбыз мүмкүн. Туура аймактардан барган талапкерлерди эл тандап шайласын ишенген депутаттарын. Алар иштесин. Партия деген болбогон система.
0
Antiradikal3
2021-10-12 20:44:31
Партиялардын курамы менен 3-5 карапайым бири барышы мумкун, реклама болуп, алар жарым жыл- бир жыл кнопка баскыч болуп иштеп берип, ордун эски жегичтерге бошотуп берет. Айтор, шайлоо дегенин байлар гана бийликке келет деген соз. Дагы люстрацияны айтып коюшат уялбай... Садыр экоонор люстрация эмне экенин жакшылап тушунуп, талдап коруп анан суйлоп жургуло, элдин кыжырына тийбей...

Окмотту кара, ончой жегичтер. Элчилерди кара, дагы эле ошолор... ЖКке да кайра жегичтер келет!
+4
Azat-123
2021-10-12 21:41:10
Antiradikal3,Элдин атынан сүйлөбө, сөзүңө жооп бере албай жүрбө
-6
Marni
2021-10-12 21:56:15
Azat-123, "даканса" деп кой дагы)).
-3
Antiradikal3
2021-10-12 22:17:04
Azat-123, эл деп озуно окшогон бир ууч дакансаларды тушуносунбу? Которуп турган асманын болсо таштап жибер, ишенген шефин Садвр жана Камчы болуп мага десе!
+1
Azat-123
2021-10-12 22:30:02
Antiradikal3,таштасаң номериңди сүйлөшөбүз
-3
Jaraisyn
2021-10-12 21:56:46
Antiradikal3,Люстрация боюнча кеңири маалымат жазчы. Байкасам сен ар бир жүктөлгөн кабарга негатив жазып турасың. Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы эмне болду тиги, бул дегичең өзүң кандай катыштың, кантип кимди шайладың ойлонуп көрбөйсүңбү?! Сен кайсы факт менен ыплас өттү деп атасың же БШК да отурдуңбу байкоочу болуп. Былтыркы шайлоо бийлик алмаштырууга ыңгайлуу убакыт гана болуп берди, таза өткөн чакта да төңкөрүш болмок.
-4
Antiradikal3
2021-10-12 22:22:34
Jaraisyn, сендей дакансаларга соз жетпейт... Бул биринчиси. Экинчиден эл 5-октябрда эмнеге чогулганын унутуп калдынбы? Шайлоо таза отсо ошол эл ошол жерге чогулат беле?! Эл аянтта атышып жургондо Ташиев Соке менен суйлошуулордо жургон дешет, менимче 7%тен откоруп илештирип кой партиябызлы деп суранып журсо керек да. Качан гана эл устрмдук кылып, Садырды абактан бошотуп, Ак уйду колго алганда Ташиев келип кошулду. Же эл атышып жургондо Ташиев журдубу эл менен кошо?
+1
Antiradikal3
2021-10-12 22:26:34
Jaraisyn, шайлоо таза отсо эл толкумак беле? Таза шайлоо отсо кайдагы тонкоруш болмок да, Садырын кайдан бийликке келип калмак? Садырга боштондук деп акыркы 3-4 жылда канча митинг болду, кана барып чыгарып алганынар Садырды? Турмодо аны сабап, канжалап жаткан суроттору жайылганда да эч нерсе кыла алган эмессинер. Ошондо каякта эленер ыя, дакансалар? Былтыры бийлик алмашпаганда Садырынар бугун да абакта отурган болоор эле, Сокеден чыгарып кой деп жалынып.
+2
Scorpion_09
2021-10-13 04:52:31
Antiradikal3,эй 1000 сомдук ,чимкириктердин жугундусу ,болду ыйлаба... Баарибир 1000 сомдон ашык албайсын саткын...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан