Эл аралык сынакта "Бир адамдан бир китеп" долбоору эң мыкты долбоор деп табылды

Бир адамдан бир китеп долбоору Армения өлкөсүнүн Капан шаарында "100 идей для СНГ" эл аралык жаштар сынагында "Социалдык тармакта эң мыкты долбоор" деп табылды. Бул тууралуу аталган долбоордун уюштуруучуларынын бири Айгерим Нурболот кызы SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымына ылайык, сынакка КМШ өлкөлөрү боюнча 50гө жакын окурман катышты.

"Эл аралык сынакка "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун жетекчиси Эрлан Сымайыл уулу барды.

Бул жеңиш жалпы китепкөй досторго, агартууну жайылтуучуларга, кыргыз элибизге арналат.

Учурдан пайдаланып жолубузда жолдош, максатташ болуп келе жаткан ар бириңиздерге, агайларыбызга, жалпы журтка терең ыраазычылык билдиребиз" - деп билдирди Айгерим Нурболот кызы.

Белгилей кетсек, аталган сынакка Кыргыз өлкөсүнүн атынан эки долбоор "Бир адамдан бир китеп" жана Еste.kg долбоору катышкан.

Бир адамдан бир китеп долбоорун 2019-жылдын февраль айында жаш активисттер Бакай Акылбеков жана Эрлан Смайыл уулу негиздешкен. Азыркы тапта долбоордун алкагында айыл жерлеринде, аскер-бөлүктөрүндө, мектеп-медресе, жатакана жана ооруканаларда китепкана ачылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан