"Бир адамдан бир китеп" долбоору: Бир жыл ичинде 28 миллион 500 миң сом, 152 китепкана жана 112 миң китеп

"Бир адамдан бир китеп, максатыңа окуп жет" деген ураандын алдында өлкөдө арты-артынан китепканалар ачылып, окурмандардын купулуна толуп отурат. "Бир адамдан бир китеп" долбоору 2019-жылдын башында, тагыраагы, февраль айында жаш активисттер Бакай Акылбеков жана Эрлан Смайыл уулу түзүп, аны жүзөгө ашыруунун усулун жана жалпы жобосун иштеп чыгышкан. Өзгөчөлүгү бир гана айыл аймактарда гана ачылбастан Улуттук Гвардиянын 10127-аскер бөлүгүндөгү китеп окуу бөлмөсү дагы китептер менен толукталган. Долбоордун негизги максаты жана анын жүрүшү тууралуу долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бири Бакай Акылбеков менен маек курдук.

- Саламатсызбы Бакай мырза, алгач эле долбоордун максатына токтоло өтсөңүз.

- Саламатчылык, негизи максаттарыбыз көп эле. Алардын бир канчасына токтоло өтөйүн "Бир адамдан бир китеп" долбоору элибизде китеп окууну даңазалоо, интеллектуалдык дараметин жогорулатуу. Билимге инвестиция салуу. Шаар, регион жана алыскы айыл аймактарында китеп жетишсиздигин жана китепкана көйгөйүн чечүү болуп саналат. Мындан сырткары, негизги максатыбыз, буюрса, Кыргыз өлкөсүн дүйнөдөгү китепкөй өлкөгө айландыруу.

- Долбоордун алгачкы кадамдары кандай болду? Алгач канча китеп чогулта алдыңыздар?

- Долбоор 2019-жылы 5-январда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылында ишке ашкан. Алгач эле айылдын демилгелүү жаштарынын аракети менен айыл эли колдоп, эки апта ичинде 984 китеп чогултулуп, чаң басып жаткан китепкананын ордуна жаркыраган китепкана окурмандарга эшигин ачты.

- Бир жыл ичинде канча китепкана ачууга, канча китеп чогултууга жетиштиңиздер?

Бир жыл ичинде өлкө боюнча 152 китепкананын ачылышы болду. 112 миңден ашуун китеп өз ээлерине (ред.китепканаларга) жеткирилди. Жеткен китептин акчалай наркы 28 миллион 500 миң сомго бааланууда.

- Бул долбоорду баштооңузга эмне түрткү болду?

- Бул долбоордун келип чыгышына көп себептер болгон. Өзүмдү мисал кылсам деле болот. Мектепте окуп жүргөндө окуу китептеринен сырткары көркөм чыгармалардан өтө аз окуган экенмин, себеби китептердин жетишпегендиги, китепканалардын жабык турганы, жакшы методика менен китеп окууга кызыктырган адамдардын болбогондугу болсо керек. Кийинчерээк өлкө ичин кыдырып, мен эле эмес бардык жаштар окшош экендигибизди көрүп, билдим. Андан кийин чет өлкөгө чыгып, ал жактагы китепканаларды, Айтматовдун китептерин кантип окуп жаткандарын көрүп, эмнеге бизде мындай китепканалар жок деп намыстанып, анан бул долбоорду жазып баштадык.

- Долбоордун жыйынтыктары сиздер күткөндөй болдубу?

- Биз күткөндөн дагы мыкты жүрүп жатты, жалпы эл колдоого алып, андан сырткары Кытай, Түркия, Египет, Германия, Орусиядагы студенттер, мекендештер дагы өз салымдарын кошуп жатты. Нарындын Ак-Талаа районунда башталган болсо жыл аягына чейин алыскы Баткендин Лейлек районуна чейин жетти. Бул албетте, чек эмес ар бир айылга бул долбоорду жеткирүүнү максат коюп жатабыз. Дагы кыстырма катары айта кетсем, долбоордун негизинде "Китеп той", "Окурман үй-бүлө", "Китепкөй жайлоо" иш-чаралары өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан