АКШда полиция тарабынан өлтүрүлгөн Кыргыз жараны: Ал иштеген компаниянын ээси окуянын чоо-жайын айтып берди

АКШнын Пенсильвания штатында полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн Кыргыз жараны иштеген компаниянын ээси Адилет Муратбеков трагедиядан бир нече күн мурун болгон окуяларды өзүнүн версиясы боюнча айтып берди. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жазып чыкты.

Ал каза болгон мекендешибиз компаниянын жүк ташуучу унаасын уурдап кетти деген маалымат чындыкка дал келбестигин жазган.

"Нургазы бизди таштап кеткени абдан өкүнүчтүү. Азыркыга чейин нес абалындамын. Анткени аны менен жакшы мамиледе болгом. Биз абдан ынтымактуу элек, Нургазы мага жакында эле атасы инсульт болгонун жана ал үчүн тынчсызданып жатканын айтып берген. Мен ага инимдей мамиле кылчумун.

Нургазы 31-августта Макс аттуу досум аркылуу биздин компанияга жумушка орношкон. Бул жерде эч кандай төлөнбөгөн акча жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес! Ал бизге башка жүк ташуучу фирмадан келген. Ал наркологиялык тесттен жана фонддук текшерүүдөн өткөн. Баары таза чыккан. Мен Нургазынын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деп жазып калтырган Муратбеков.

Ошондой эле анын айтымында, Нургазы ага 2-октябрда саат 16:00 чамасында жубайы экөө досунун тоюна бара жатканда телефон чалган.

Ишемби күнү, 2-октябрда саат 18:00гө жубайым менен тушоо кесүү тоюна чакырылганбыз. Биз "Петергроф" ресторанына кетип жатканда Нургазы мага чалды.

Видео чалууда ал мени трейлерин буздуң деп олуттуу түрдө айыптады. Ал кимдир-бирөө анын артынан ээрчип жүргөнүн жана телефонун бузууга аракет кылганын айтты. Ага тийишпөөмдү жана өз балдарыма да ага асылбашын айтуумду өтүндү.

Анын үнүнөн ачууланып турганы сезилди. Ал мени менен жолугууну жана эч кайда кетпешимди суранды. Бул сөздөрдү, айыптоолорду угуп түшүнбөй калдым. Алгач мен тамаша деп ойлодум. Анан мен досумдун тоюна бара жатканымды, бошобой каларымды айттым. Ал мени угуп, өзү тойго чакырылбаганы үчүн дагы ачууланды.

Той меники эмес экенин, бирок аны кийинки күнү боло турган тоюма чакыра турганымды билдирдим. Бирок ал бүгүн жолуккусу келсе, ресторанга келсе болорун айттым.

3-октябрда биз өзүбүздүн тоюбузга даярданып жатканбыз. Коноктор "Versailles" ресторанына саат 17:00гө чакырылган. Нургазы саат 18:00дө досу Макс жана анын үй-бүлөсү менен келген. Биз учурашып, ал дагы бир ирет бардыгы жайында, бизге нааразычылыгы жок экенин айтты. Бардыгы жакшы болуп жаткан. Саат 22:00дө мага фотограф кыз келип, Нургазыны көрсөтүп "бул биздин конокпу?" деп сурады. Ал фотоаппаратты тартып алууга аракет кылганын, ашкана персоналы ага каршылык көрсөткөндөн кийин арткы эшик аркылуу качып кеткенин билдирди. Мен аябай ачууланып, ага телефон чалдым.

Нургазы менден кызыктай нерселерди сурады. Ал мага "кыргызсыңбы?" деп суроо берди. Ага "ооба" деп жооп бердим. Андан соң ал мага кыргыздарга тийишпеш керек деп айтты. Ошондой эле ал магы кайсы бир көчөлөрдүн кесилишинен жолуккусу келгенин билдирди. Ал жерге тез арада барышымды, ал күтүп турарын айтты. Мен андан баш тарттым. Анткени конокторум бар болчу. Ага мындан ары иштеше албарыбызды, эртеси күнү кеңсеге келип, трейлерди өткөрүп, келишимди жокко чыгарууну билдирдим. Ал мага "аягына чейин чык" деп трубканы коюп койду.

4-октябрда Нургазыга телефон чалсам албай койду. Кечки саат 17:00дө телефонду алды, мен кайрадан кеңсеге кел, келишимди бузалы десем, "керек болсо, өзүң ID-картадагы дарек боюнча келип, алып кет" деп жооп берди. "Пенсильванияга тийбе", "кыргыздарга тийбе", "менин үй-бүлөмө тийбе" деп айтты. Мен мындай боло турган болсо полицияга арыз жазууга аргасыз болом десем, "каалаганыңа жаза бер" деп жооп берди.

Мен полиция кызматын чакыртып, Нургазы менен сүйлөшүп берүүсүн өтүндүм. Нургазыга телефон чалып, полиция менен сүйлөштүрдүм. Ал унчукпай баарын угуп турду.

Мен акырына чейин трейлерди уурдалды деп арыз жазгым келген жок. Бирок кызматкерлер, достор жана полиция кызматы кийин ал үчүн мен жооп берип калышым мүмкүн экенин айтышты. Анын үстүнө трейлерди издөө үчүн расмий арыз жазыш керек болчу. Мен полицияга трейлер табылса, Нургазыга доом жок экенин билдирдим.

5-октябрда эртең менен өзүн Жессика деп тааныштырган полиция кызматкери мага чалып, Нургазы тууралуу сураган. Ал ошондой эле таңкы саат төрттөр чамасында полицияга чалуу болгонун жана жүк ташуучу унаа менен айдоочу (Нургазы) катышкан окуя болгонун айтты.

Аны менен сүйлөшкөндөн кийин мен дароо Нургазынын бардык тааныштарына байланышууга аракет кылдым.

Макстын айтканына караганда, Нургазынын Америкада агасы бар экен, бирок алар байланышпарын айтып Нургазынын таанышы деп Малик аттуу жигиттин номерин берди. Ага чалып агасынын же жеңесинин номерин сурадым. Кийинчерээк Нургазынын жубайы Бегайым байланышка чыкты. Ага Нургазынын көп көйгөйлөрү бар экенин, ага жардам берүү зарыл экендигин айттым. Андан соң агасынын номерин сурадым. Кийин агасы Адилет мага байланышты. Жагдайды айтып бердим. Ал магы полиция участогуна бара жатканын айтты. Бир канча убакыт өткөн соң ал кайра мага чалып, участок жабылып калганын, эртең кайрадан келерин билдирди.

6-октябрда болжол менен саат 08:00дө Адилет мага байланышып, бирок эч нерсе түшүндүрүп бере албай койду. Үнүнөн жаман нерсе болгонун түшүндүм. Полиция кызматкери Жессикага байланышсам, Нургазы эки ирет кол салып, Пенсильваниянын полициясына түшкөн телефон чалуу боюнча 5-октябрда таңкы саат 4тө чакырууга барганын, полиция кызматкерлери аны трактан чыгып, курал-жарагын тапшырууну суранганына карабастан Нургазы полиция унааларын тепселеп өткөнүн, полиция ага ок атканын айтып берди.

7-октябрда окуя болгон жерде башка кыргыздар да болгонун, алар бардыгын видеого тартып алганын билдик.

8-октябрда окуяга күбө болгон Эламан менен байланыштык. Ал Нургазы менен сүйлөшкөнүн жана полиция кызматкерлеринин келген учурун видеого тартып алган экен. Эламандын айтымында, Нургазы ага кол салып, моюнуна бычак кезеген.

Май куюучу жайга келген киши дааратканадан чыгып, Нургазынын көңүлүн өзүнө бурган. Ошол учурда Эламан Нургазыны түрткөн. Нургазы берки кишини кууп, ал өз унаасына жашынууга жетишкен. Нургазы анын алдыңкы айнегин талкалап, анан кайра тракка барып отурган.

Эламан адегенде кеткиси келген, бирок ал дагы кыргыз болгондуктан Нургазы менен сүйлөшүп, жардам бергиси келип, калууну чечкен. Андан соң видеодон көрдүңүздөр", - деп жазып калтырган Муратбеков.

Мындан тышкары Муратбеков аталган окуя боюнча бардык далилдер бар экендигин кошумчалап өткөн.

Маалымат үчүн:

Эске салсак, 8-октябрда АКШнын Пенсильвания штатында 27 жаштагы Кыргыз жаранына полиция кызматкерлери тарабынан ок чыгарылганы, мындан улам анын каза тапканы тууралуу маалымат тараган.

Андан соң АКШнын Пенсильвания штатында полиция кызматкерлеринин ок чыгаруусунан улам каза тапкан адамдын аты-жөнү такталганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
KaGaH
2021-10-13 13:29:20
Орулуу экен анда ал жигит
+4
alym21
2021-10-13 15:25:07
KaGaH,чегип алган окшойт
-4
Ozgocho111
2021-10-13 16:01:18
Тушунуксуз ...эч нерсе тушуно албадым
+8
Bishkek11
2021-10-13 16:34:55
Соз жон жерден чыкпайт. Бул жигит туура эмес суйлоп атат окшойт.бурмалап. полиция аралаштырбай эле чечсен болмок экен. Байкесине чалып дегендей.эмнеси болсода сен себепчиси болуп калдын.
+7
KaGaH
2021-10-13 16:55:27
Bishkek11,Америкада кыргызчылык өтпөйт,туура кылган полицияга берип, өзүнүн фирмасы өзү билет кимди иштетишти, неадекват адамды ок токтотот
0
al-abu-kinesz
2021-10-13 16:37:14
Тушунбодум
+5
Artur99
2021-10-13 18:03:16
Бул киши фирмасы бар, ошол фирмага бул баланы ишке алат, фирма каза болгон баланы подстава кылган, бузулган трейлерин берген. Фирманын ээси начар адам экен. Не за что бир бала каза болду.
+9
KaGaH
2021-10-13 22:05:39
Artur99,фирманын ээси мен болгондо кыргыздарды жумушка алмак эмесмин,кыргыздан алыс жүрсөң мээң тынч болот,кыргыз башкаларга жакшы иштеп берет көрүп эле жүрөбүз
-4
Artur99
2021-10-14 12:15:34
KaGaH,сен анда кыргызстандан алыс кетип жогол анда! Кыргыздан алыс жур анда! И кыргызчада суйлобогун, сендейлерди саткын дейт!
0
Nursul
2021-10-13 20:21:35
Оорулуу адам АКШга өтө албайт болушу керек эле мурда ошондой болчу баардык жагыңды текшерип жакшы болсо анан кирүүгө уруксат берилчү азыр кандай билбейм бул окуяны Кудай билет эмне болгонун
+6
Mister-XXX
2021-10-13 23:01:47
Эгерде Эламан дегенге бычак такаса,анда өлгөн бала начар адам болгон.Псих эмес болуш керек,өтө ачуулуу,тентек,сабырсыз болушу мүмкүн.Тынч жүргөн адам трактты айдап качпайт эле.
0
Бектурган
2021-10-13 23:45:48
Жин кирип кеткенго балага.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан