Түркияда кыргыз келинин мыкаачылык менен өлтүргөн деп кайнатасы шектелип кармалды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 65 жаштагы Фехми Адсыз аттуу киши өзүнүн 31 жаштагы келини Аят аттуу келини менен урушуп кеткен. Окуя болгон күнү келиндин күйөөсү үйдө болгон эмес. Каргашалуу окуя Текирдаг шаарында болгон. Келин эки баланы тарбиялап келгени маалым болду.
Фехми менен Аяттын ортосундагы оозеки жаңжал мушташка айланып, жыйынтыгында кайнатасы келинди бычактап өлтүргөн. Келининин сөөгүн жашыруу үчүн аны бөлүктөргө бөлүп, жарымын таштанды челегине ыргытып, жарымын сандыкка жашырган.
Бул убакта өлтүрүлгөн келиндин кайненеси үйүнө келген соң окуяны көрүп кошуналарына жардам сурап кайрылган, алар өз кезегинде полиция чакырышкан.
Бул боюнча тышкы иштер министрлигине байланышканыбызда аталган маалымат такталып жаткандыгын билдиришти.