Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жамааты "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы менен биргеликте курулуп жаткан объектилердин интерактивдүү картасын иштеп чыгышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда социалдык объектилердеги курулуш-монтаждоо иштеринин этаптары боюнча актуалдуу маалыматтар чагылдырылган, алар жума сайын жаңыртылып турат.
"Эми борбордун ар бир тургуну жаңы объекттер кайда курулуп жатканын биле алат, ошондой эле курулуш -монтаждоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат ала алат.
Азыр инженердик коммуникацияларды куруу боюнча маалымат берүү маселеси иштелип жатат.
Урматтуу шаардыктар, кызыккан маалыматты алуу үчүн https://e-meria.kg шилтемесине кирип, "Социалдык объекттердин курулушу (КМККБ аркылуу)" өтмөгүнө өтүү керек, түз шилтеме: https://e-meria.kg/oguks-for-user
Жакын арада башкармалык тарабынан жүргүзүлүп жаткан бардык курулуш иштери, ошондой эле долбоорлор иштелип чыккан картага жайгаштырылат", - деп жазылган маалыматта.