Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев мурда жүктөлгөн милдетинен бошотулду. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашат.
Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кайрат Иманалиевди жана министрликте иштеген борбордук аппараттын кызматкерлерин сый-урмат менен узатты.