Бир катар мамлекеттик кызматкерлер кызмат ордуларынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жарлыкка ылайык, төмөнкүлөр мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан боштулат.
Жылдыз Бакашова — Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
Дастан Догоев — Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри;
Асель Чынбаева — Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кайрат Иманалиев — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.