
Бишкекте 35 жаштагы
Талай Сулайманов дайынсыз болуп изделүүдө. Коомдук коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, изделип жаткан жаран 10-октябрда түнкү саат 02:36 чамасында "Промзона" клубунан чыгып кеткен. Андан бери Талай Сулаймановдун жүргөн жери дайынсыз болууда.
Кийип жүргөн кийимдери: боз түстөгү жылуу кофта, боз түстөгү шым, көк түстөгү замша бут кийим.
Белгилери: бою 176 сантиметр, салмагы 85-90 килограмм.
Өзгөчө белгилери: сол ийининде татуировкасы бар.
Сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, жакындары төмөнкү номерлерге кабарлап коюуңуздарды суранышат. Байланыш номерлери: +996 555 230 490, +996 755 074 720.