Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоева туулган күнүнө орусиялык ырчыларды чакырганбы? Нуркожоевадан жооп

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун карындашы, "Кыргызстан сулуусу-2020" аталган Лазат Нуркожоева шаардагы тойканалардын биринде 21 жаш туулган күнүн белгилегендиги кабарланган.

Лазат Нуркожоева туулган күнүндө өзүнүн инстаграм баракчасындагы "Stories" бөлүмүнө белгилүү орусиялык ырчылар менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөндөн кийин талкууга алынган. Нуркожоева туулган күнүнө ал ырчыларды чакырбаганын SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен мынчалык катуу талкуу болот деп ойлогон эмесмин. Анткени туулган күн - бул бир жылда бир келүүчү өздүк майрам. Ошондуктан ар бир адам жакындарынын курчоосунда тосконго толук укугу бар. Мен деле жаман оюм жок, жанымда жүргөн курбуларым, досторум, бирге машыккан таэквондисттер, бир жыл бою чогуу жүргөн устаттарым жана окуучуларым менен өткөрдүм. Коноктордун катарында мен сыйлаган, жакшы көргөн эжелерим Айзада Жамгырчиева, Назира Бердигулова, жеке машыктыруучум Нуриса Мамбеталиева, дайыма мени сулуулаган Айпери Суранчиевалар чакырылган.

Биринчиден, баса белгилеп айткым келгени бизди кичинекейибизден эле ысырап кылбоого үйрөтүшкөн. Ал эми конокторумдун көбү мен курактуу болгондуктан биз эч кандай мал союп, эт тарткан жокпуз. Жадакалса борсоок, таттуу, мөмө-жемиш, түркүн салаттар да болгон жок. Биринчи, экинчи тамагы менен эле узап кетишти.

Ал эми Орусиядан ырчыларды чакырыптыр деген сөздөр карандай калп, жалган сөз. Мен эч кандай чет мамлекеттен ырчыларды чакырган жокмун жана мен өткөргөн кечеге дагы чет мамлекеттердин жарандары катышкан жок. Баарыңыздар билгендей эле, 10-октябрь күнү борбор калаабызда биринчи жолу чоң, масштабдуу фестиваль өтмөк. Ошол фестивалга катышкан ырчылар мен туулган күн өткөргөн мейманканага жайгашыптыр. Ошолордун apасында талкууга алынган Мияги жана Эндшпиль аттуу ырчылары да болгон. Мен конокторумду тоскону фойеге түшсөм, бардык артисттер чогулуп эл менен сүрөткө түшүп жатыптыр. Мен деле эл катары эле сүрөткө түшүп, инстаграмга киргизип койсом ушундай туура эмес маалымат тарап кетиптир. Ал жерде жалгыз эле мен эмес, аларды тааныган бардык жаштар сүрөткө түшкөн", - деп жазды Нуркожоева.

UFC мушкери Рафаэль Физиев беттештерге Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыкканды токтотот
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
KG-312
2021-10-14 02:01:56
Уже Зб кылып бүттү ушул Лазатыңарда блин. Бизге п эмеспи кантип өткөрсө ошентип өткөрсүнчү ёлки.
+22
Medina87
2021-10-14 05:22:56
Ата данкы менен Кыз отот- Болуп атканн го(((
+14
Antiradikal3
2021-10-14 06:06:35
Садырдын карындашы да авасынан отуп аферистка экен. Кара дал келуучулукту, туулган кун откоробуз деп Новотель отелинде калыптыр, тиги ырчылар да кокустан ушул отелде калышкан имиш. Анан Садырга караштуу экен деп туулган кунун куттуктап ырдап беришиптир. Бали бали, семиз ордокторду кош-коштоп учургандан уялбаган бири экен. Элдин акчасынын эсебинен туулган кун откоруп копту булар, элдин ырыскысын талаага чачып......
+8
Jaraisyn
2021-10-14 08:57:31
Antiradikal3, Сен да катышып көрүп келдиңби?
-5
KaGaH
2021-10-14 16:58:32
Antiradikal3,вряд ли элдин акчасына өткөргөн,менин оюмча кошоматчы жугундукорлор уюштурган болсо керек!
антирадикал мен сени колдобойм,бирок сенин кошоматчы жугундукорлор деп жазгандарына кошулам,мен жогорку бийликте отургандар туугандарын аралаштырып бийликте алып келишине каршымын,Жапаров үчүн топить эткем кудаа кааласа баары жакшы болот деп ишенем Кыргызстаныбызда,
0
jigit.paren
2021-10-14 07:31:53
Мунун туулган күнүн эмне эле кайра кайра эле чыгарып жатасыңар супер инфо? Эмне кылса ошо кылсынчы чын эле тажатып жиберди
+12
Jaka1978
2021-10-14 07:33:58
Болду эми кечке өзүңдү пиярлабай
+6
nazira...
2021-10-14 07:58:42
Ырас болуптур, талап тарпыңды чыгарсын жазышып, өзүңдө баары бок жегени сүрөттөрүңү чыгарасыңбы, эми А.Шагиева бол, текенин кызына окшоп купальникчен сүрөттөрүңдү жүктө, бизге баарибир, просто президентти сыйлап жым жүр, сен сыйлабасаң биз сыйлайбызбы аваңды. Жумушуңду, башканы кыла бер да сүрөттөрүңдү скрытый кылып кой, рекламаны кийин деле үспет этесин.
+9
bond02
2021-10-14 09:03:23
Алма сабагынан алыс тушпойт дегендей эле, бул да авасындай лапша илет турбайбы.
+15
alimbek94
2021-10-14 09:45:50
Ушундай татынакай, жагымдуу, сулуу болуп журо бер. Ар кайсы ушактарга башынды оорутпа.
-6
ere
2021-10-14 10:16:46
Лаззатынар кокого чыга турган болдуго утукту карасан да лазат чыгып калды елки.
+3
KaGaH
2021-10-14 10:36:53
Мурун Анжелика болчу, эми бул кетирекей мурун чыкты супердин звездасы болуп,!
+9
Fernando_Torres
2021-10-14 11:05:00
Бул ырчылар 11 октябрь концерт койуп келгенин бары билет билбегендерге айтып койойун менда баргам
-2
ainura220888
2021-10-14 11:24:24
Кечке эле ушуну жаза бербегилечи сураныч.
+5
thirteen
2021-10-14 12:13:38
Мага жагат ушул кыз. Татынакайка...
-5
ShaKe11
2021-10-14 17:28:33
Алимбек деген Айжан окшойт чачын жайып журотко дагы эле.))
+2
Nina.alex
2021-10-14 19:18:40
Таеквондист эмес таэквондист. Эмне мынча сабатсызсынар?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан