Чүйдө Индия өлкөсүнүн 10 жараны эс алууга чыгып, жолдон адашып кетишкен

Чүй районунун Кегети айылынын Кегети капчыгайындагы Көлтөр эс алуучу жайына Индия өлкөсүнүн 10 жараны эс алууга чыгып, жолдон адашып кетишкен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларды издөө боюнча Чүй райондук №24 куткаруу кызматынын башчысы жана жарандык коргонуу бөлүмүнүн офицери менен биргеликте Токмок шаарынан 3 куткаруучу саат 22:30да жерине чыгып, саат 00:50дө жетишкен.

Саат 05:27де Индия өлкөсүнүн 10 жаранын таап, тийиштүү кызматкерлерге өткөрүп беришкен.

Учурда индиялык жарандардын абалдары жакшы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан