Биз социалдык тармакта

Ат-Башыда милиция ардагерине кызматкерлер үй салып беришти

Нарын ОИИБи милиция кызматынын ардагери Турдалы Сулаймановду үйлүү кылып, кубанычка бөлөштү. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-октябрда ачылышы болуп, анда ардагерге үйдүн ачкычы тапшырылган.

"Турдалы Сулайманов азыркы учурда жардамга муктаж болуп, жашай турган жери жок болгондугуна байланыштуу ага көмөк көрсөтүү максатында ушул жылы Ат-Башы РИИБинде кезексиз өткөрүлгөн ыкчам кеңешмесинде чечим чыккан. Бул жерде үй салууга Ат-Башы айылынын жергиликтүү бюджетинен 100 миң сом акча каражаты которулган. Мындан тышкары Ат-Башы районундагы милициянын ардагерлери жана Ат-Башы РИИБинин кызматкерлери демөөрчүлүк жардамдарын көрсөтүшкөн", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан