Өткөн суткада өлкө аймагында 11 миң 287 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эмдөөдөн өткөн 11 миң 287 адамдын ичинен 6 миң 51и вакцинанын I дозасы менен эмделди. Ал эми 5 миң 236сы вакцинанын II дозасын алышкан.
Белгилей кетсек, өлкөдө эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган.