Ооганстандан 200гө жакын студент Борбор Азиядагы Америка университети жана Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтү жетектеген амбициялуу пландын негизинде Кабулдан коопсуз түрдө эвакуацияланды. Мындай маалыматты PassBlue агенттиги жазды.
"Азыр бизде БААУда дээрлик 300 Ооганстандын студенти бар. Бул студенттердин 180ге жакыны акыркы 30 күндүн ичинде Ооганстандан эвакуацияланды. Алгач жеңил унаалар жана чакан автобустар менен Исламабадга, андан ары Бишкекке учак менен эвакуацияланган", - деп университеттин камкорчулар кеңешинин төрагасы Дэвид Лахдхир 10-октябрда PassBlue'нун электрондук почтасына жазган.