Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда 3 эм наристелердин ата-энесине эки бөлмөлүү батир берилди

Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эмдин ата-энесине жергиликтүү бийлик тарабынан эки бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат катчысы Кабыл Көчкөнбай уулу SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, батирдин ачкычын шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырды.

"Үч эмге турак жай сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1 миллион 800 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Бир уул, эки кыздан турган үч эмди жарыкка алып келген Гүлнара Бүркүтова буга чейин 5 баласы менен ижарада, бир бөлмөлүү батирде күн кечирип келген", - деди Көчкөнбай уулу.

Эске салсак, 2021-жылдын 31-мартына Жалал-Абад шаарынын 38 жаштагы тургуну Гүлнара Бүркүтова 3 эмди жарык дүйнөгө алып келген.

UFC мушкери Рафаэль Физиев беттештерге Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыкканды токтотот
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KG-312
2021-10-14 13:40:10
Үчем, кандай гана таттуу балдар!
+6
Medina87
2021-10-14 13:47:26
КУДАЙ Кут кылсын ООМИН!!!
+5
Alixan-Nookat.2015
2021-10-14 20:31:11
Айсулуу, Айпери жана Ай-Мээрим деп коюлду окшойт аттары.
+1
Zhainash
2021-10-14 22:11:48
Alixan-Nookat.2015,Бир уул,эки кыз деп туратко анан да 2021 жылдын 31 мартында төрөгөн экен.Сен айтып жаткан башка
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан