2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

11-апрелдеги референдумда Конституция кабыл алынгандыгына жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилсин.

Министрлер кабинети:

  • 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана кабыл алсын;
  • 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштырсын;
  • ушул жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

Жогорку Кеңешке, сот бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана иш-чаралардын пландарын 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирүү сунушталсын.

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын тексти тиркелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zam81
2021-10-14 16:31:14
30 жылда онукпой койдук эми качан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан