Буга чейин SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Орусиянын Якутск шаарында эмгектенип жаткан мекендешибиз кайрылып, аталган шаарда 3 Кыргыз жараны мушташа кетип, бири каза болгонун билдирген.
Бул боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине байланышканыбызда, маалыматты тастыктап, төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Якутскта 1988-жылы туулган Кыргыз жараны мушташтын кесепетинен каза болду. Мушташка катышкан 2 адам (Жалал-Абад облусунан болушат) кармалды. Биздин консул аталган шаарда иштеп жатат. "Жүк-200дү" жөнөтүүгө жардам берилүүдө. Мушташ ичимдик ичкенден улам келип чыккан", - деп билдиришти элчиликтен.