Бишкек шаарында жаңы муниципалдык акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлар ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, эми айдоочулар унааларды төмөнкү көчө бөлүгүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайларга таштай алышат:
- Киев көчөсү Манас проспектисинен Керимбеков көчөсүнө чейин;
- Киев көчөсү Н.Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Ж.Бөкөнбаев көчөсү Ю.Абрахманов көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейин.
"Муниципалдык унаа токтотуучу жайларда унаа токтотуунун баасы 25 сомду түзөт. Муниципалдык акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлардын иштөө убактысы күн сайын 08:00дөн 20:00гө чейин белгиленет", - деп билдиришти мэриядан.
Ошондой эл операторлор "Бишкек токтотмолору жана туруктары" муниципалдык ишканасынын логотиби бар атайын жилет кийип, атайын төш белгилерин тагынып, төлөмдү тастыктаган мөөрү бар талонду беришет.