Бүгүн, 15-октябрга карата өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдети дагы 98 жарандан аныкталды. Акыркы сутка ичинде Ош, Нарын, Баткен облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталбаганын республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек - 74;
Чүй облусу – 11;
Талас облусу - 2;
Ысык-Көл облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 2.
Коронавирус инфекциясы өлкөдө катталган күндөн тартып жалпы 179 миң 681 адам жабыркады.
Ал эми бир сутка ичинде 94 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Муну менен сакайгандардын саны жалпы 174 миң 501 болду.