Бүгүн, 15-октябрда балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн "Өмүр булагы" реабилитациялык борборунун ачылышына каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафону өтөт. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан белгилешти.
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 10:00дө башталып, ага президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө. Марафонду Коомдук телерадиоберүү корпорациясы, республикалык жана облустук телеканалдар түз алып көрсөтөт.