Бүгүн, 15-октябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын айланасын милиция кызматкерлери курчоого алышкан. Мекеменин алдына түрдүү атрибуттар орнотулуп жатат.
Буга чейин маалым болгондой, бүгүн филармонияда "Өмүр булагы" реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн кайрымдуулук марафону өтөт. "Өмүр булагы" медициналык-реабилитациялык борбору Ысык-Көл облусунда жайгашып, балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкташкан.
Аталган иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаровдун да катышары күтүлүүдө.