Ошто окуучу кыз зордукталды. Кылмышка милициянын мурдагы кызматкери шектелүүдө

Ош ШИИБинин криминалдык милиция кызматы тарабынан жашы жетелек кызды зордуктоого шектүү катары 1996-жылы туулган Ош шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"11-октябрдан 12-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош шаарындагы түнкү эс алуу жайларынын биринен шектүү 2006-жылы туулган кыз менен таанышкан. Андан соң аны Ош шаарынын Анар кичи районундагы үйлөрдүн бирине түнкү саат 03:00 чамасында унаасына салып алып барып, кыздын эркине каршы, күч колдонуп зордуктап койгон.

Жабырлануучунун арызында көрсөтүлгөндөй, шектүү жабырлануучу кызга бычак такап коркутуп, зордуктаган. Жабырлануучу кыз мектеп окуучусу. Ал эми даярдалган экспертиза жабырлануучунун зордукталгандыгын, кыздык белгиси жаӊы бузулгандыгын тастыктаган.

Учурда шектүү катары кармалган 1996-жылы туулган О.уулу Э. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ош шаардык соту тарабынан 14-октябрь күнү бир айга камакта кармоо боюнча санкция берилген.

Учурда Жазык кодексинин 161-беренесинин 3-пунктунун белгилери менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери уланууда. Шектүү мурда ички иштер органдарында, Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Mirbek7506
2021-10-15 11:36:31
Түнкү эс алуу жайларында эмне кылып жүрдү экен өзү
+20
Jacob.
2021-10-15 11:37:58
Тунку 03:00 15 жашар кызынан кабар албаган ата-энеси аман болсун..
+20
JaneEr
2021-10-15 11:53:32
Мектепте окуса эмне кылат балдар менен таанышып...
+13
Simels
2021-10-15 11:53:53
Түндөп көчөлөп жүрсөң ушундай болот. Ким билет может зордукталбай эле астына жатып бергенсиң.
+15
Medina87
2021-10-15 12:03:31
15 жашында Тунку Клубка барса, демек, Озу ошону каалап барды да.
Ата-Энесин айыптабай туралычы, балким алар Мигрант.
КЫЗдын озундо Айып((((
+20
Antiradikal3
2021-10-15 12:10:28
Кыз тунку бирде тунку клубда болсо. Мындан чыкты ичип же чегип алган. Анан озу макул болуп жаны таанышкан жигиттин унаасына тушуп бейтааныш дарекке, уйго барса. Окуруп бакырьай озу кирсе... Демек озу эле жатып берсе керек. Иш буткондон кийин баланы шантаж кылып акча сураса, жигит акча бербей койсо керек да.
+15
bond0202
2021-10-15 12:17:31
Туну эс алуу жайда тентип журсо жигит уулап.туура эле кылыптыр.
+9
Zarema11
2021-10-15 12:26:15
Тообо дегилечи. Балким дагы башка жагдай болгондур. Анда зөөкүр апапакай экен да э. Акчасы көп кылмышкер болсо да көөбү күнөөнү алсыз жака жылдыра коюп маалымат таратчу эле.
+1
Datka7777
2021-10-15 15:15:15
Нарк насил жоголду! Озунон он жаш кичуу кызга секирип олосунбу
0
Jibani
2021-10-15 17:03:29
Коп баскан аяк бок басат деген ушу да
+8
Dembele84
2021-10-16 08:21:49
Биздин классташ кыздар 11-класста кундузу отуруш кылсак аран барчу эле,азыркы окуучу кыздар тундоп клубдарда журсо,берки ангинин дагы оюна башка ой келген да,а бул буткон кыз экен деп
+2
Dftyhbv
2021-10-16 08:22:16
Тунку саат 01 чамасында паркта 15 жашар кызга балаааа барбы жат уйундо мемиреп ширин уйкуда анан шонтип журсо эркектер аяп койобу
+2
Aimani
2021-10-16 11:33:11
Dftyhbv, Эркектер аяп койбосо да,жоопкерчиликти сезиш керек.озу органдарда иштеп жургон болсо кылмыш экенин билет да.Карындашындай коруп уршуп уйуно деткирип коюш керек эле.жырткычтай болбой.
+6
Marni
2021-10-16 13:13:19
Aimani, туура айтасыз.
+3
Marni
2021-10-16 13:08:57
15 жашта болуп, түнкү клубда жүрсө эле зордуктап салыш керек эмес. Өзүн тыя албаган зордукчуну актагандар, силер да ошондой кылмышкерсиңер.
+4
nazira...
2021-10-16 15:37:16
Кыздарыбызга да, уулдарыбызга да кудайым ыйман берсин. Түнкү клубдарды жаап эле салса экен ушудан кийин.
0
Tynar1213
2021-10-18 20:12:35
Зордуктадыбы же өзү макул болдубу баары бир жазаланыш керек жашы жете элек кыз менен жатканы үчүн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан