Райымбек Матраимовго арналган ырдын автору: "Айрымдары кошоматчылык деп түшүнүштү, мен бул нерсеге көңүл деле бурбайм"

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов тууралуу ыр жарык көрдү. Ырдын автору Дамир Токтосунов SUPER.KG порталына ырдын жаралышы боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

"Мен обончу-аткаруучумун. Кудайберген Кутуев аткарган "Туулган күн" аттуу ырдын авторумун. Райымбек менен 10 жыл бирге окугам. Ал менин айылдашым, классташым, досум. Экөөбүз топтун артынан чуркап бирге чоңойдук десем болот. Мен бул ырды пандемиянын алдында чыгаргам. Досумдун элге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кылган жакшылыгын, ата-энеси жок балдарды окутканын камтып 3 куплет ыр жазгам. Анын кандай эмгек жасаганын мен жакшы билем. Бул ырга мен клип тартам деп жүргөн боюнча калып калган. Ырды коомчулукка досумдун тарапташтары чыгарышкан экен. Мындан өзүмдүн кабарым болгон эмес. Мен жакшы бир клип тартып, анын чыгарсамбы деп ойлоп жүргөм. Буюрса, клип тартам деген оюм бар. Ыр чыккандан кийин коомчулукта түрдүү пикирлер айтылды. Айрымдары кошоматчылык деп түшүнүштү. Оозуна ээ боло албагандар түрдүү пикирлерди жазып жатышат. Мен бул нерсеге көңүл деле бурбайм. Учурда музыка эмес, башка тармакта иштейм", - деп билдирди.

Раимбек Матраимовго арналган ыр жарык көрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ayzhan12
2021-10-15 13:19:08
Подхалимдин да чеги болот.
+7
bond02
2021-10-15 13:43:28
Конул бурбай эле кой эл туура айтып жатат, элдин сендей жалагычтардан конулу калды уже.
+4
Chagylgan7
2021-10-15 13:53:33
Узбектерди айтабыз жеткен кошоматчы деп,акыркы окуяларды карасаныз кыргыздар узбектерди жон Эле Артка калтырды тообо
+2
make2
2021-10-15 13:57:45
Депутаттар, башчыларыбыз,достору, баары биригип Раимды актап, жакшы киши атка кондуруу аракетин кылып жатышат,канча аракет кылсаңар деле баары бир миллион бойдон калат
+2
Fernando_Torres
2021-10-15 14:08:29
Кимге кандай билбедим мага жаккан жок УКРАЙЫНДЫН ЧОЧКОСУНДАЙ БОЛГОН тирүү суук Харам чочко тозокто күйүп өлөсүң ырас кылат сенден 2 млрд эмес дагы 10 милряд алыш керек бар эмес жок болгун сен
+1
nurbek11
2021-10-15 14:50:55
Раим аке перёд сен эл уулусун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан