Түркияда 20 жаштагы кыргыз жигити 6-кабаттан кулап катуу жаракат алды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кыргыз жигити достору менен Анталия шаарына эс алууга барган. Ал эс алуу үчүн токтогон батирдин 6-кабатынан кулап кеткен. Аны байкап калган жакын жердеги адамдар "Тез жардам" кызматына кабарлашкан. Оор жаракат алган жигит Анталиянын изилдөө ооруканасына жеткирилген. Маалыматтарда жабырлануучу өз жанын кыюуга аракет кылгандыгы айтылууда. Анын кулап түшкөнү видео көзөмөлгө түшүп калган. Полиция иликтөөнү улантууда.
Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги бул окуя боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.