Кайрат Иманалиев 1977-жылы Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган.
1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
2000-жылы аталган университеттин магистратурасын аяктаган.
2009-2012-жылдары президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган.
Эмгек жолу:
1999-2004-жылдары - Кыргыз улуттук телерадио берүү корпорациясынын "Казына" адабий-драмалык башкы редакциясында баяндамачы;
2004-2009-жылдары - "Казына" адабий-драмалык башкы редакциясында башкы редактор;
2009-2011-жылдары - Кыргыз радиосунда башкы редактордун орун басары;
2007-2019-жылдары - Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде доцент;
2009- 2012-жылдары - Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университеттин журналистика кафедрасынын башчысы;
2011-2018-жылдары - Коомдук телерадио берүү корпорациясында башкы директордун орун басары;
2018-2019-жылдары - Эл аралык "Руханият" ассоциациясынын вице-президенти;
2018-жылдан баштап азыркы учурга чейин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин доценти;
2019-2021-жылдары - Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
2021-жылы 3-февралдан октябрь айына чейин - Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.