Альпинист Эдуард Кубатов сыйлык алуу үчүн Орусияга чакыруу алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Орусия альпинизм федерациясынын жетекчилигинен Москвага расмий чакыруу алдым. 20-ноябрда федерациянын "Эверестке чыгуу үчүн" медалын салтанаттуу түрдө тапшыруу пландалууда. Мен чындап эле сыйлык алам деп үмүттөнөм. Албетте, легендарлуу Федерациянын көңүл бурганы үчүн ыраазымын! Достор тоого чыгып, жашоону сүйүңүздөр", - деди Эдуард Кубатов.
Эскерте кетсек, Кыргыз альпинисти Эдуард Кубатов "Эверест 1" экспедициясынын курамында Эвересттин жогорку чекитине чыккан. Эверестти багындырган биринчи кыргыз альпинисти Эдуард Кубатов болгон.