Биз социалдык тармакта

Куудул Жамбыл Камчиев бул жолу да депутаттыкка талапкер болууга арыз жазды

Куудул, киноактёр Жамбыл Камчиев парламенттик шайлоого аттанды. Ал бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөтүп жатканы өзү менен кабарлашканыбызда маалым болду.

"Ош шаарындагы №7 шайлоо округу боюнча өзүмдүн талапкерлигимди койдум. Менден тышкары 11 киши документтерин өткөрдү. Менин чыныгы атаандаштарым Айбек Осмонов, Бахтияр Фатахов.

Программам менен кыскача тааныштырсам, банк системасын реформалоо, пайызы жок насыя берүү, 1993-жылкы Конституцияга кайтуу жана кадр саясатын өзгөртүү. Ошондой эле алфавитке өзгөртүү киргизип, тамгаларды кыскартуу", - дейт ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Жамбыл Камчиев президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин калтырып, кайра арызын артка кайтарып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-10-16 00:27:29
Жамбыл акем жөн эле койбоптур да
0
Isken90
2021-10-16 15:38:44
Бахтияр Фатахов деген [moderated] ош окуясынын накта уйуштуручусу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан