Түркияда кайнатасы тарабынан киши колдуу болуп каза болгон кыргыз келиндин сөөгү бүгүн, 15-октябрь күнү Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталы маркумдун таякесине байланышканыбызда билдирди.
"Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу баарын уюштурушту. Бүгүн Стамбулдун убактысы менен саат 11:00дө мекенге жөнөтүлөт.
Башкы консулдук жакшы жардам берип жатышат.
Жээнимди өлтүргөн жаранга мыйзам чегинде эң оор жазаны алып берүүгө, сот иштерин көзөмөлгө алынышын да алардан сурандык", - деп билдирди агасы.
Белгилүү болгондой, келиндин сөөгүн алып келүүгө Москва шаарынан апасы барган.
Буга чейин Түркияда кыргыз келинин мыкаачылык менен өлтүрүп, жиликтеп таштандыга ыргытып салды деп кайнатасы шектелип кармалгандыгы кабарланган. Кийинчерээк үрөй учурган кылмыштын айрым деталдарын түрк басылмалары жазып чыгышкан.