Биринчи айым Айгүл Жапарова "Алтын балалык" борборун ишке киргизүү үчүн үй-бүлөсүнүн атынан 500 миң сом берди

Бүгүн, 15-октябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алтын балалык" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафону өттү.

Биринчи айым Айгүл Жапарова сөз сүйлөдү. "Мен абдан кубанып турам. Бүгүнкү иш-чара абдан жакшы жышаан болду. Ушундай иш-чаралар көп болсун. Калктын ден соолугу жакшы болсо баары жакшы болот", - дейт ал.

Ал Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүнүн атынан 500 миң сом берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Asmat84
2021-10-15 16:18:57
Мээрим деген фонд бар беле илгери өткөн заманда
Ошол эле эске келе берет ушинтип эле биринчи айымдарды көргөндө эле
+9
forever88
2021-10-15 16:23:55
Asmat84,ошол М. Акаеванын азыркы алтын балалык
+5
Mister-XXX
2021-10-15 17:41:59
forever88,Жөнөкөй тил менен түшүндүргөндө,"Мээрим"-деген фонд,"Алтын балалык"- деген майыптарга салынып жаткан клиника.Айгул айым Майрам Акаевадай болуп бир фондду жетектеген жок.Эч нерсени жетектебейт.Силер да клиниканы ачууга салым кошсонор болот.Сооп иш жасап жатса,көрөалбастык кыласынар.Деги кандай жагат силерге?
-7
AdylbekB84
2021-10-15 16:28:14
Ким билет Жапаровто бизнеси барбы? Себеби өткөндө олимпиададан уткан спортисмендерге өзүнүн жанынан машина алып берди, ал унаалар арзан эмес, эми аялы 500 000 берип жатса бул оңой акча эместа!
+4
Antiradikal3
2021-10-15 16:34:36
Бул катын пиарды жакшы корот окшойт. Бул кетиште номер 2 Майрам Акаева болчудай туру бар.....
+7
Baiaman997
2021-10-15 16:45:47
Antiradikal3,сага окшогондорго эчтеке жакпайт,
-5
nazira...
2021-10-15 19:42:11
Antiradikal3,сага кайсы президент же аялы жагат өзү. Деги адам жагабы сага?
0
Rusbayastan
2021-10-15 16:45:49
Мындай акчаларды каяктан алып жатат?
+11
Mister-XXX
2021-10-15 17:46:02
С.Жапаров бизнес менен журуп депутат болгонмун деп айтканы бар.Неге мынча көрө албассынар?Колунардан б.. келбейт,бирөөнү сындайсынар.Майыптарга берсенер сооп болот,колунардан келеби силер да бергиле бирөөнү сындабай.
-8
Antiradikal3
2021-10-15 17:59:05
Mister-XXX, бир нерсе болсо бизнеске шылтайт. Бизнеси бар деп. Анда эмнеге декларацияга келгенде баарынын кирешеси биртке корунот. А чыгымдары кирешесинен 100 эсе, 1000 эсе коп?

Мына Ташиевдин иниси тууралуу макала жарыяланыптыр. Кирешеси 36500 сом экен айына. Байлыктары ондогон жуздогон миллионду тузот. Кайсы бизнестен канча тапканы эмнеге жашыруун анда? Жапаровун канча жылдан бери побегде журду, абакта жатты да, эми дароо мультимиллионер боло калдыбы не?!
+9
Mister-XXX
2021-10-16 02:52:08
Antiradikal3,Айланайын тууганым,декларацияда үй-мүлкүн көрсөтөт,бизнесим бар гана деши мүмкүн.Ал эми бизнестен түшкөн каражатты эч ким талап кыла албайт жана бизнес ээси көрсөтпөгөнгө укугу бар.Сен магазин ачсан,андан түшкөн кирешени көрсөтпөйсүн.Ал сенин каалооң.Бизнесте киреше өзгөрүлүп турат.
а
-1
bond02
2021-10-15 19:19:37
Уй булоосунун атынан дейби? Кой дегилечи.
+7
Marni
2021-10-16 05:30:50
Мугалим, врачтардын айлыгынан кармап калышыптыр. Так что, им спасибо, а не этой безграмотной аферистке.
+2
Taalaibek.
2021-10-18 13:16:39
Акылбек Жапаровту карасан президентин койнуна киргенин. Жанынан чыкпай жагалданганын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан