Биз социалдык тармакта

Аскар Акаев "Алтын балалык" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборуна 1 миллион сом акча бөлөт

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алтын балалык" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборуна 1 миллион сом акча бөлөт. SUPER.KG порталына маалыматты Аскар Акаевдин жакындары тастыкташты.

Жакындарынын айтымында, ал акча Акаевдин илимдер фондунан ала турган акчасы.

Бүгүн, 15-октябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алтын балалык" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафону өттү.

Биринчи айым Айгүл Жапарова сөз сүйлөп, үй-бүлөсүнүн атынан 500 миң сом берген.

Ал эми "Алтын балалык" борборун ишке киргизүү үчүн мамлекет башчысынын фондунан 3 миллион сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazira...
2021-10-15 19:36:41
Бөлбөй өлсүн нары. Ушу кишини көргөндө эле кыйналгандарым көз алдыма келе берет.
0
ainura220888
2021-10-15 21:05:36
Уурдап кеткен денизден 1 тамчы бериптирда. Жапаровдун аялына боорум ооруй берчу. Иий эри турмодо белгисиздик кантет деп. Акча навалом экенда.
0
Ak_Bulut
2021-10-16 00:12:03
Акырындык менен аралашып келетат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан