Ысык-Көл. Каракол-Эңилчек унаа жолу ачылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 3-декабрь күнү саат 22:00 чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-87-чакырымдарында, такталган маалымат боюнча 8 жерден жалпы көлөмү 21600 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, тазалоо иштерине Унаа жана байланыш министрлигинин жолдорду эксплуатациялоочу №11-ишканасы тарабынан 3 бульдозер жана 1 жүктөгүч тартылып, 5-декабрь күнү саат 20:00дө унаа жол бир изге ачылды. Учурда кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан