Мамлекеттик салык кызматына 2021-жылдын 9 айында жарандардан жана юридикалык жактардан 183 кайрылуу жана даттануу келип түштү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен электрондук почта аркылуу – 135, “ишеним телефонуна” жана “ыкчам байланыш” номерине - 21. Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 11 арыз ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, 64 – салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш-аракеттерине тийиштүү болсо, 107 – ар түрдүү маселелер боюнча болгон. Бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттө каралды. Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 31 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 29 – тастыкталды, дагы 4 кайрылуу – кароо стадиясында турат.
Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 45 кызматкер жоопко тартылды, анын ичинен 2 – ээлеген кызматынан төмөндөтүлдү, 20 - катуу эскертүү алды, 12 – сөгүш, 5 - эскертүү, 1 кызматкерге ээлеген кызматына толук ылайык келбөө жарыяланды, 5 кызматкер ротацияланды.