UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына өзгөчө образда түшкөн сүрөтүн жарыялады.
Мушкер айым сүрөттүн алдына эч кандай билдирүү жазып калтырган жок. Валентина Шевченконун бул сүрөтү эки сааттын ичинде эле 30 миңден ашык "жакты" белгисин алды.
26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 266" турниринде Валентина Шевченко америкалык Лорен Мёрфи менен кез келип, атаандашын беттештин төртүнчү бөлүгүндө техникалык нокаутка учуратып, алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоп калган.