"Өлкөнү маданияттын жана спорттун мамлекетине айландырууда чогуу кадам жасайлы". Маданият министри билдирүү жасады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов социалдык тармак аркылуу билдирүү жасады.

"Баарыңыздардын колдооңуздар жана өлкө башчысынын ишеними менен расмий маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызматына кириштим. Биринчиден, бул убакытка чейин колдоп, ишенип, жылуу сөздөрүн айтып келген агай-эжелерге, досторго ыраазычылык билдирем. Мурда иштеп кеткен иш жерим болсо дагы, жаңыдан кошулган спорт жана жаштар саясаты тармагы бар. Ар бири өз деңгээлинде оор, түйшүктүү тармактар. Бирок атайын жоопкерчиликти моюнга алып, жүк көтөрөбүз деп келгенден кийин болгон аракетибизди жумшап, жооптуу болгон тармактарда жаңылык киргизип, жакшы жакка өзгөртөбүз деп ишендирип кетким келет.
Маданият тармагында инфраструктуралык жаңылануу, искусствонун ар тармагында жаңы чыгармаларды жаратуу, тарыхый объектилерди көрүү жана оңдоп түзөө, чыгармачыл инсандардын жашоо-шартына мамлекеттин камкордугу жана башка көптөгөн чечилбей келе жаткан маселелерди тез арада чечүүгө аракет жасайбыз.
Спорт тармагында акыркы учурда жаңы тарых жаралды. Балбан кыздарыбыз, жигиттерибиз болуп көрбөгөндөй жеңиштерди элибизге тартуулашты. Бул жыйынтыктарды улантып, көбөйтүүбүз керек. Анын эң негизи керектүү шарттарды мамлекет тарабынан түзүп берүүбүз. Бул заманбап машыгуучу жайлар, стипендиялар, керектүү жабдыктар ж.б. бир канча шарттар.
Алдыда көптөгөн ишке ашыра турган иштер жана долбоорлор күтүп турат. Пландарыбызды жана аткарып жаткан иштерибизди ушул жана министрликтин расмий баракчаларынан кабарлап турабыз. Сиздерде керектүү сунуштар, идеялар болсо түз эле жазып турсаңыздар болот. Ар дайым ачыкпыз. Өлкөнү маданияттын жана спорттун мамлекетине айландырууда чогуу кадам жасайлы", - деп жазды ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан