БШК: "Талапкер Нурали Талиповдун үстүнөн жергиликтүү тургундардан арыз түштү"

Борбордук шайлоо комиссиясынын координациялык тобуна №3 бир мандаттуу Кадамжай шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Нурали Талиповдун үстүнөн арыз түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундардан депутаттыкка талапкер Нурали Талипов Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын шайлоочуларын сатып алууга аракет кылып жатат деген арыз түштү. Ал эми паракордук Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы Көксал Топтан орто мектебинин окуучулары жана мугалимдери үчүн мектеп формасын бекер тараткан деп шектелүүдө. Учурда милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

"Депутаттыкка талапкер Нурали Талипов "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 3-пунктунун талаптарын бузган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан