Мыктыбек Абдылдаев өкмөттү сынга алып, аны "Кыргызстандын көйгөйү" деп атады

Парламентте депутат Мыктыбек Абдылдаев өкмөттү сынга алып, иштин баары кагаз жүзүндө гана калып жатканын айтты. "Илгери АКШнын президентине эл "өкмөт биздин көйгөйлөрдү качан чечет?" деп суроо берсе, президент "ошол өкмөттүн өзү АКШга көйгөй болуп жатат" деп жооп бериптир. Менимче, азыркы өкмөт да Кыргызстанга көйгөй болуп жатат",- деди Абдылдаев. Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда бир-эки жерде жол оңдолгону болбосо, башкасынын баары токтоп турат. Ал эми кыргыз-кытай мамилесине токтолгон депутат "Кытай өлкөсү Кыргызстанга жардам берүүдө биринчи өзүнүн кызыкчылыгын көздөп жатат" деп билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан