Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат

Эртең, 19-октябрда Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, батыш суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу ичүүчү суу турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерде токтотулат.

"Эртең, 19-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Сыдыгалиев көчөсү, ЧЧК, Фучик көчөсү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймакта, ошондой эле Кызыл Аскер, 110-квартал конушу, Достук кичи районунда суу токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын таза суу камдап алууларын өтүнөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан