Өлкөдө жарандарды электр энергиясын үнөмдөөгө мамлекет тарабынан сунуштамалар берилүүдө. Кээ бир облус, райондордо күндүз бир маал электр жарыгы өчүрүлүп жатканын окурмандар жазышууда. Мындан улам "Күндүз 1 саатка электр жарыгы өчсө сизде кандай абал жаралат?" деген суроону өлкөбүздүн тургундарына берип көрдүк.

Бишкек шаарынын тургуну: "Эч нерседен кур калбайм. 1 саат эле өчсө уктап эс алам".
Чүй облусунун тургуну: "Негизи 1 саат убакытта эч кандай деле өзгөрүү болбогондой сезилет. Бирок азыркы маалыматтуулук, технологиянын заманында баары бир залакасын тийгизбей койбойт. Биз баарына алдын ала камылга менен жүрө албайбыз, мүмкүн көптөгөн электр энергиясы аркылуу бүтчү иштер ошол саатка туура келип калат. Анан күн сайын бир убакытка өчүрүп, ал жөнүндө жалпы элди кабардар кылышса, балким, бир аз ошол нерсеге даяр турат белек. Жеке менде көйгөй болуп калат".
Ош шаарынын тургуну: "Кондитермин. Тапшырыктарымды күндүз кетирем, электр жарыгы өчсө миксерим иштебей, жумушум токтойт".
Нарын шаарынын тургуну: "Эч нерседен деле кур калбайм. Электр энергиясынан гана кур калам да".
Талас облусунун тургуну: "Интернети жок калам, себеби менде бир гана Wi-Fi… Жумушу жок калам, анткени онлайн иштейм…".
Токтогул шаарынын тургуну: "Жаңылыктардан артта калам. Телевизор көрүп, өлкөдө эмне болуп жатканын билип турабыз да. Турмуш-тиричиликке керектүүнүн баары электр энергиясы менен байланышкан заман. Учурда бардык өлкөлөр технологиясын өнүктүрүп космоско учуп жатса, бизде эл жөнөкөй эле жарык менен түзүк камсыз болбой жатканы өкүнүчтүү... Жарык өчтү дегенче, маанай чөктү дегендик".
Нарын шаарынын тургуну: "Ысык чайдан..."
Ош облусунун тургуну: "1 саат электр жарыгынан кур калам да. Камыр жасап алсаң, качан күйөт деп күтөсүң. Анан эмнеге өчүрдү деп сүйлөнмөй да".
Чүй облусунун тургуну: "Бизде электр жарыгы өчсө эле суу токтойт. Суудан кур калам".
Өзгөн шаарынын жашоочусу: "Шаардын өзүндө электр энергиясы өчсө өтө көп жумуш токтойт. Маселен кечээ баламды көтөрүп алып банкка баргам, кезек күткөндөр өтө көп экен. Себеби, электр жарыгы өчүп калып банк иштебей туруптур. Айрыкча айылдан келген апаларды көрүп аядым".
Окурман, а сиз кайсы аймакта жашайсыз? Бир саатка электр жарыгы өчсө сизде кандай абал жаралат? Комментарий калтырыңыз.