Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, "Кара-Кече" көмүр кенинин ишин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Акылбек Жапаров "Кыргыз Көмүр" мамлекеттик ишканасынын иши менен жеринде таанышкан.
"Тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, кен казуучу компания өкүлдөрүнүн катышуусундагы кеңешменин жүрүшүндө Акылбек Жапаров күз-кыш мезгилинде көмүр менен биринчи кезекте калк, социалдык объектилер жана энергетикалык тармактын ишканалары камсыздалышы керектигин дагы бир ирет эскертти", - деп жазылат билдирүүдө.
"Көмүр кендеринде коопсуздук жана тартип камсыздалышы абдан маанилүү. Сиздерге белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылы жылытуу мезгилине карай даярдык кечигүү менен башталды. Мындайга жол берилбеши керек. Иштер үзгүлтүккө учураса тийиштүү жактар жоопкерчилик тартат. Бүгүнкү күндө «Кара-Кечеде» инфраструктуралык маселелер ыкчам тартипте чечилиши зарыл", - деген өз сөзүндө Акылбек Жапаров.
Андан соң көмүр казуучу компания өкүлдөрү иштин шартын жеринде жакшыртуу боюнча өз сунуштарын айтышты. Мындан тышкары, көмүргө карата баа саясатына жана көмүр тармагын өнүктүрүүгө тийиштүү сунуштар талкууланган.